|
Обстоятельства, смягчающие наказание
|
|
Жазаны жумшарта (жеңилдете) турган жагдайлар
|
|
Обстоятельства, смягчающие наказание
|
|
ЖАЗАНЫ ЖУМШАРТА (ЖЕҢИЛДЕТЕ) ТУРГАН ЖАГДАЙЛАР – КР кылмыш-жаза мыйзамдарындагы күнөөкөрдүн жасаган кылмышы менен жеке кертбашын мүнөздөөчү жана сотту кыйла жумшак жаза белгилөөгө милдеттендире турган жагдайлар. Ага төмөнкүлөр кирет: а) кылмышын мойнуна алып келүү, чын жүрөктөн кечирим суроо, кылмыштын ачылышына белсемдүү катышуу; б) өз эрки менен зыян ордун толтуруу же келтирилген зыянды жоюу; коркутуп-үркүтүү же мажбурлоо таасиринен улам, материалдык, кызматтык же дагы башка көзкарандылык таасиринен улам, ошондой эле мыйзамсыз буйрукту же көрсөтмөнү аткаруудан улам жасалган кылмыш; г) жабырлануучунун зордугунан, келекелөөсүнөн же дагы башка мыйзамсыз аракеттеринен улам жаралган катуу ачуулануунун таасири астында жасалган кылмыш; д) коргонуунун, өтө зарылчылыктын, кылмышкерди кармоонун мыйзамдуу шартын бузуу менен жасалган кылмыш; е) эрезеге жетелек балдар тарабынан жасалган кылмыш; ж) кошбойлуу аялдар тарабынан жасалган кылмыш. Жаза чарасын белгилөөдө сот КР кылмыш-жаза мыйзамдарында көрсөтүлбөгөн жагдайларды да жумшартуучу негиз катары таанышы мүмкүн.
|
|
Обстоятельства, смягчающие наказание
|
|
жазаны жеңилдетүүчү жагдайлар
|
Найти все переводы слова "Обстоятельства, смягчающие наказание" на Русском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "Обстоятельства, смягчающие наказание"?
Ввойти
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Обстоятельства, смягчающие наказание